Тимур Файзиев 4-январга чейин тергөө абагында калтырылды
"Elite House" курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев 4-январга чейин тергөө абагында калтырылды. Чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку соттон тастыкташты.
Белгиленгендей, тергөө камак мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырды.
Тимур Файзиевге кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал октябрь айында кармалган.
Буга чейин 2021-жылдын май айында Тимур Файзиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети болгон. Бирок ал борбордо эмес болгондуктан ага издөө жарыяланган. Ишкер Бишкектин аймагындагы жер тилкелерин алууда коррупциялык иштерге аралашууга, ошондой эле мыйзамсыз курулушка шектелген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.