super.kg logo

Түркиядагы жер титирөө: Руслан Казакбаев элчилик тарабынан чогулган акча каражаттарын тапшырды

 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев өлкөнүн Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) башчысы Окай Мемиш менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Түркиянын түштүк-чыгышында 2023-жылдын февралында болгон жер титирөөдөн жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөтүү максатында элчилик тарабынан демилгеленген кайрымдуулук акциясынын алкагында чогулган акча каражаттарын тапшыруу аземи өттү.

Өз кезегинде башкармалыктын башчысы Окай Мемиш кыргыз тарапка жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуда ыкчам жардам көрсөткөндүгү, тактап айтканда, куткаруучулар тобун жана мобилдүү оорукананы жөнөткөндүгү, гуманитардык жана каржылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда көрсөткөн жеке көңүл буруусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Элчилик каржылык жардамды чогултууда активдүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн бардыгына ыраазычылык билдирет. Чогулган бардык каражаттар Түркиянын Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгынын эсебине которулду", - деп айтылат маалымата.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-февралында таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Көп сандагы адамдар набыт болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: