super.kg logo

Жыл башынан бери 36 миңге жакын кызыл китеп берилди

 

Жыл башынан бери Кыргызстанда 35 миң 873 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрга карата республика боюнча мамлекеттик акт алууга 137 миң 397 арыз кабыл алынып, 77 миң 172 арыз коомдук билдирүүгө илинген.

"Анын негизинде 22 миң 716 техникалык паспорт жана 35 миң 873 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мамлекеттик акт "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга жана Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген "Жерге мунапыс берүү тартиби жөнүндө" жобону негизинде берилүүдө.

Жер мунапысынын объектиси болгон жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча иштер бүгүнкү күндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: