super.kg logo

Өзбекстанда 7-класста окуган кызды кудалашты делген видео талкуу жаратты (видео)

 

Коңшу Өзбекстанда 7-класстын окуучусу делген видеотасма социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратып, Балдардын акыйкатчысы резонанс жараткан видеого көңүл бурду. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Видеодо көрүнгөндөй, кыз эмне болуп жатканын түшүнбөй турганы көрүнүп турат. Аны улгайган аял өөп, алтын чынжыр берет. Жанындагылар сүйүнүп, кол чабышкан.

Зордук-зомбулукка каршы Nemolchi.uz долбоору биринчилерден болуп кыздын үй-бүлөсүн текшерүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. Ошондой эле коомдук активисттер жашы жете элек кыз чын эле никеге турдубу же жокпу такташ үчүн Балдар акыйкатчысына кайрылышкан.

Окуя болгон жерге Балдар акыйкатчысынын кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Маалым болгондой, окуя Кашкадарыя облусунун Көкдала районунда болгон. Кыздын ата-энеси видеодо анын кудалашуу аземи эмес, туулган күнү тартылганын айтышкан. Алар ошондой эле кызын окутууну пландап жатканын жана аны эрте турмушка берүү ниети жок экенин билдиришкен.

Кыздын ата-энесине никеге туруу курагы же нике кыюунун тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузгандарга, ошондой эле никеге турууга мажбурлагандар үчүн жоопкерчилик эскертилди.






Өзбекстанда 7-класста окуган кызды кудалашты делген видео талкуу жаратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.12.2023. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарга билим берип көтөрүүнүн ордуна, келечегин тозоко түртүп салышат. Кыздарды башынан түйшүк кетпеген тозоко түртүшөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: