Ошто 15 жаштагы бала 13 күндөн бери дайынсыз болууда. Аны акыркы жолу каналдын жээгинен көрүшкөн
Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылынын 15 жаштагы Р.Э. аттуу тургуну 13 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында өспүрүм бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинен көрүшкөн.
"Кечээ, 20-декабрда жерине издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу токтотулган. Натыйжа болгон жок", - деп айтылат маалыматта.
Издөө иштери бүгүн, 21-декабрда улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.