Кайсынысы жакты? Быйылкы 7 калаадагы 7 балаты (сүрөт)
Өзгөчө жаш балдар күн санап күткөн жаңы жыл майрамына саналуу күндөр калды. Азыркы тапта өлкө аймактарында салтка айланган балаты орнотуу иштери жүрүп, алардын чырактары салтанаттуу жандырылды. Ошондой эле элге майрамдык маанай тартуулоо максатында борбордук аянттар, көчөлөр кооздолууда. Мындан улам SUPER.KG порталы жети облустун борбор шаарларында Жаңы жылга карата жасалгалоо иштерине саресеп салды.
БИШКЕК ШААРЫ
Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысынын оту 15-декабрда жанды. Ал былтыркыдай эле чоң фонтандын ордуна орнотулган. 32 метрлик балаты жарык берүүчү оюнчуктар менен жылдагыдан өзгөчө кооздолуп, шаар тургундарынын алкышына татыды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, быйыл борбордук аянтта майрамга карата фейерверк уюштурулбайт.
ОШ ШААРЫ
Келе жаткан жаңы жылды тосуп алууга Ош шаарында да даярдыктар көрүлдү. Элге майрамдык маанай тартуулоо үчүн шаардык аянтта балаты орнотулуп, айланасы сүрөткө түшүүгө ылайыкталган жаңы жылдык симфоликалар менен шөкөттөлдү.
Ошондой эле көчөлөр менен мамлекеттик имараттар жарыктандырылды. Ал үчүн шаардык бюджеттен жалпы 3 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Балатыны жандыруу иш-чарасы 22-декабрда өттү.
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫ
Жалал-Абад шаарында балатынын бийиктиги 27 метрди түзүп, 2018-жылдан бери колдонулат. Шаардын көчөлөрүн, "Эркиндик" аянтын жана балатыны майрамга карата жасалгалоо үчүн 850 миң сом сарпталды. Балаты 19-декабрь күнү жандырылган.
БАТКЕН ШААРЫ



Талас шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту 25-декабрда жандырылды. Салтанаттуу иш-чара шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.
Быйыл Талас шаарынын жаңы жылдык балатысы үчүн 100 миң сом бөлүнгөн. Балатыны сатып алуу үчүн 60 миң сом, ал эми жасалгалоо иштери үчүн 40 миң сом акча каражаты сарпталды.
кошулду
