super.kg logo

"Мен деле эски туубузду жактырчумун". Элчи Садык Шер-Нияз туу боюнча пикирин билдирди

 
Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди. Бул боюнча билдирүүнү элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды
"Акыркы кездеги коомчулуктун көңүлүн бурган окуя болду окшойт. Катуу талкууладык, активдүү жарандар, чыгармачыл адамдар, кары-жашы дебей бардыгы ушул маселенин тегерегинде өздөрүнүн оюн айтышты. ЖКдан Мирлан Самыйкожо иним арыстандай эле алышты окшойт. Ал инимдин дагы аракетин баалайм. Идея үчүн, ишеним үчүн ушинтип салгылашыш керек. Акыркы патрон калганча… Чынын айтсам мен деле эски туубузду жактырчумун.
Эми үч окуудан өтүптүр, мыйзам жактырылыптыр. Ал чечимди өзүбүз шайлаган депутаттарыбыз чыгарып берди.
Чемпиондор жамынган тууну десек, буйруса олимпиадада алтын алып калсак чемпиондорубуз жаңы тууну жамынып чыксын деп тилек кылалы. Ушул туу менен Кыргызстан жаңы ийгиликтерге жетсин, кыйынчылыгы азайып, сыймыгы көбөйсүн, максаты бийиктеп, мансабы жогоруласын деп бата тилеп отурам. Кудай буйруп ошондой болуп кетсе анда “туура эле кылыптырбыз” деп каларбыз. Ылайым ошондой эле болсун", - деп жазган элчи.
Мындан сырткары, ал бириге турган, кармана турган байрак туу боло тургандан кийин жакшы тилектер менен жаңы жылга кирүүгө чакырган.
"Элчилик кызматым аяктап деле калды, экинчи бул кызматка суранышса да барбайм. Сыйлыктардын деле баарын алып бүткөм, жакынкы арада баары бир беришпейт.
Болгону бул постту мамлекетчил киши катары ынтымакка чакырып келечекке кадам таштайлы деп жазып жатам", - деп жыйынтыктаган Садык Шер-Нияз.
Эскерте кетсек, кечээ, 20-декабрда Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүнчү окууда тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алган. Эми ага президент кол коюшу керек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.12.2023. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деген бийлик абийрсиз. Кыргызстандын эли, жери, желеги бийликтеги 2-3 адам жеке менчиги эмес. Элге мажбурланган желектин келечеги жок. Элдин пикирин эске албаса, башка маселеге келгенде да эске алынбайт. Кыргызстан эли бийликтеги 1-2 адамдын менчигине айландыбы ошондо.
21.12.2023. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мажбурланган желекти колума да кармабайм.
21.12.2023. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asyl27 анда африканын желегин карма
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: