Бишкектин тегерегинде канча жер мыйзамдаштырылып жатканы айтылды
Ак-Ордо конушундагы жерлерди мыйзамдаштыруу иштери аяктап калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Айыл чарба министрлигинин маалымат жыйынында Жер ресурстары кызматынын директору Асылбек Сатывалдиев билдирди.
Ал убагында Бишкектин тегерегиндеги мыйзамсыз басылып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча жер мунапысы мыйзамы кабыл алынганын белгилеп, бүгүнкү күндө 8 500 гектар жер мыйзамдаштырылып жатканын айтты.
"Ак-Ордо конушундагы жерлерди мыйзамдаштыруу аяктап калды. Учурда Аламүдүн районундагы жерлер боюнча дагы иштер жүрүп жатат. Кийинки жылы жыйынтыкталып калышы мүмкүн", - деди ал.
Ошондой эле Сатывалдиев мыйзамдаштырылып жаткан жерлердин көбү Сокулук району менен Аламүдүн районунун жерлери экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.