Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларынын кышкы каникул күндөрүн жарыялады (календарь)
Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 14 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 буйругуна ылайык, окуучулардын кышкы каникулу 14 календардык күндү түзөт.
Тагыраагы, 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат.
Белгилей кетсек, окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.