"Күн ачык болот". Жума күнгө карата аба ырайы
Эртең, 22-декабрда өлкө аймагында күн ачык болот. Кыргызгидромет борбору жолдорго муз тоңуп, тайгалак боло турганын эскертти.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10 градус,
Талас дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9 даража болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12ге чейин жылыйт.
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.