super.kg logo

Ар бир кыргызстандык үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү

 

Ар бир кыргызстандык үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Санарип ден соолук профили” кызматы Кыргызстандын ар бир жаранына жеке медициналык маалыматка жетүүнү камсыз кылат:

- адам тиркелген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму;

- камсыздандыруу статусу;

- баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын имараттары жөнүндө маалыматтар;

- ооруканага жаткыруу боюнча маалыматтар;

- лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары;

- эмдөө боюнча маалыматтар.

Белгилей кетсек, декабрь айынын башынан баштап ата-энелер жашы жете элек балдардын медициналык маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бул аларга балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Министрлик эмдөөдөн жана белгилүү бир анализдерден өтүү керектиги тууралуу билдирүүлөрдү кошуу иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу билдириди.

"Жарандардын жана мамлекеттик саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү түйүнү аркылуу санарип ден соолук профили жарандардын ынгайлуулугу үчүн жаңы кызматтар менен толукталат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: