super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги эки жашка чейинки балдарга сүт азыктары жана стипендия берилүүдө

 

Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон 3 миңден ашык үй-бүлөгө Биринчи Май райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы даректүү колдоо көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта колдоо көрсөтүлүп жаткан үй-бүлөлөрдүн арасында үч балалуу же андан көп балалуу үй-бүлөлөр, пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана багар-көрөрү жок адамдар бар экендиги айтылат.

"Мындай үй-бүлөлөргө ар кандай түрдөгү социалдык жардамдар берилип жатат. Социалдык жардам катары 2 жашка чейинки балдарга сүт азыктары жана квартал сайын стипендия берилүүдө. Кышкысын мындай үй-бүлөлөр акысыз 1,5 тоннадан көмүр алышат, биз жеткирип барууга дагы көмөктөшөбүз",- дейт Биринчи Май райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чокон Аламанов.

Анын айтымында, башкармалык демөөрчүлөрдү тартыш үчүн активдүү аракеттенүүдө. "Быйыл 400 адам гуманитардык жардам алды. Жалгыз бой пенсионерлер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дүкөндөр менен кафелерге атайын сүйлөшүү жолу менен тапшырылып жана аларга дайыма ысык тамак берилип турат",- дейт Аламанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: