super.kg logo

Өлкөдө 90 миңден ашык нускада “Алиппе” окуу китеби басылып чыкты 

 

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги 1-класстын окуучулары үчүн 90 миң 450 нускада “Алиппе” окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, “Алиппе” окуу китеби республикалык бюджеттен китеп басып чыгарууга бөлүнгөн каражаттын эсебинен 20 миллион 170 миң 350 сомго басылды.

Ошондой эле окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин мугалимдери үчүн 721 миң 285 сомго 3 миң 985 нускада “Алиппе” методикалык колдонмо басылып чыкты.

Ага ылайык, “Алиппе” окуу китеби жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмо аймактардагы мектептерге таратыла баштады.

"Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” жарлыгына ылайык, окуу китептерин “Учкун” ААК басып чыгарууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: