Өлкөдө шайлоону жекшемби күнү эмес, жума күнү өткөрүү сунушталууда
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоолорду жекшембиде эмес, жума күнү өткөрүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору 21-декабрда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Демилгечи депутат мындай тажрыйба шайлоого жарандардын көп катышуусун камсыз кылат деп эсептейт. Ал мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Европа өлкөлөрүнүн, Австралиянын, Бразилиянын жана Түркиянын тажрыйбасын эске алганын, ал мамлекеттерде жүйөлүү себептерсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар экенин белгилеген.

Документте төмөндөгүлөр сунушталат:
Ал шайлоочулардын көпчүлүгүнүн шайлоого катышпай калышынын кесепети демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана республикалык бюджеттен акча ысырап болушуна алып келерин кошумчалаган. Эл өкүлү Бишкектеги Ленин шайлоо округунда кайра өткөн шайлоодо 124 миң бюллетень даярдалып, 17 миң киши гана келгенин мисал келтирген.
Икрамов буга чейин шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, 13-июлда коомдук талкууга койгон.
Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында эл өкүлү документти оңдоп-түзөп, кайрадан иштеп чыгарын айтып, артка чакыртып алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

