"Бишкексуучарба" ишканасына жаңы директор дайындалды

"Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасына жаңы директор дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган ишкананын директору болуп Болотбек Одракаев дайындалды.
Эске салсак, "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Жумабек уулу Радик Ала-Арча дарыясынын нугундагы ылайдан арылтуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү, суунун абалына жана муздун көлөмүнө жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, бүгүнкү түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча ишти ыкчам уюштура албагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.