super.kg logo

Министрлер кабинети кыргыз спортчуларынын Олимпиадага даярдыгын талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Парижде өтүүчү XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына, өспүрүмдөр арасындагы IV кышкы Олимпиада оюндарына, XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарга жана алдыда боло турган башка эл аралык мелдештерге спортчуларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

2024-жылы ата мекендик спортчулар чет өлкөлөрдө ондон ашык масштабдуу эл аралык спорттук иш-чараларга катышары күтүлүүдө. Кыргызстанда жети ири спорттук мелдеш өтөт.

2023-жылы Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин бюджети 1 миллиард 750 миллион сом болсо, 2022-жылы 1 миллиард 470 миллион сом болсо, 2024-жылы 1,9 миллиард сом бөлүнөрү күтүлүүдө.

«Үстүбүздөгү жыл биздин спортчулардын эң сонун спорттук жетишкендиктерине бай болду. Келерки жылы биздин таланттуу спортчуларыбыз жаңы жеңиштерге жетишет деп күтөбүз. Биз жаш жана динамикалуу өлкөбүз, жакшы нерселердин баары алдыда. Биздин алдыбызда жайкы Олимпиада оюндарына сапаттуу даярдык көрүү жана спортчуларыбыз үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү милдети турат», - деди Байсалов.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандын курама командасынын Олимпиада оюндарында жана Паралимпиадалык оюндарда улуттук курама команданын формасы боюнча маселелерди талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: