Украина ФИФАдан Орусия-Сербия беттешин жокко чыгарууну талап кылды
Украинанын футбол ассоциациясы (УАФ) ФИФА менен УЕФАдан Орусия менен Сербиянын курама командаларынын жолдоштук беттешин токтотууну суранды.
Беттеш 2024-жылдын 21-мартында Москвадагы "Лев Яшин" атындагы стадиондо өтөт. УЕФА аны өткөрүүгө расмий түрдө уруксат берди.
"Ар бириңиздердин түшүнүү жана кызматташууңуздарды жогору баалайбыз жана Орусия курамасын эл аралык оюндарга тартуу менен Орусияны колдоо ишаратын болтурбоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү суранабыз", - деп айтылат Украинанын футбол ассоциациясы тараткан билдирүүдө.
Украинанын футбол ассоциациясы ошондой эле беттешти токтотууну талап кылып, Сербиянын Футбол союзуна өз өтүнүчүн жөнөттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.