super.kg logo

Бүгүн Бишкекте салтка айланган президенттик балаты өтөт

 

Бүгүн, 22-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган президенттик балаты майрамы өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган.

Алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.

Жаңы жылдык театралдаштырылган концерттик программа УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүү саат 10:55те башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: