Кадыржан Батыровдун 30 объектиси Жалал-Абад облустук бийлигине өткөрүлүп берилет
Кадыржан Батыровдун 30 объектиси Жалал-Абад облустук бийлигине өткөрүлүп берилет. Бул туурасында кечээ, 16-декабрда КРнын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун статс-катчысы Нурбек Калматов билдирди.
Анын айтымында, Кадыржан Батыровдун кыймылсыз мүлктөрүн сатууга жол берилген эмес. Баары мамлекеттин эсебинде турат.
Эске сала кетсек, Кадыржан Батыров “2010-жылдын Май, Июнь окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык баш аламандыкка катыштыгы бар” деп айыпталып, Жалал-Абад облустук соттун чечими менен анын үй-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

