Сот аткаруучулар үчүн биринчи жолу 92 миллион сомго автоунаалар сатып алынды (сүрөт)









Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сот департаментине 47 автоунааны тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи жолу сот аткаруучулар үчүн автоунаалар сатылып алынды. Ага мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 миллион сом бөлүндү.
Өз сөзүндө Жапаров 2 жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөнүн белгиледи. 2020-жылы бюджет 1,2 миллиард сом болсо, 2023-жылы 3,5 миллиард сом болгон.
"Сот системасы – жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон бийликтин өзүнчө бутагы. Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан сот системасына бөлүнгөн каражат жылдан жылга көбөйүүдө. Соттук отурумдарга сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап технологиялар киргизилүүдө, санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана эсепке алуу системасы киргизилген. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү”, – деди Жапаров.
