Милициянын кайгуул кызматына жаңы дайындалган 87 кызматкер ант берди





Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында ички иштер органдарына кызматка биринчи жолу кирген 87 кызматкер мамлекеттик туунун алдында өз мекенине, эли-жерине кызмат кылууга ант беришти.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарага Бишкек ШИИББнин башчысы Азамат Токтоналиев, Бишкек ШИИББнин МКККнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Жумабек Осмонов, Бишкек ШИИББдин МКККнын жетекчилиги жана кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери катышышты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында милициянын кайгуул күзөт кызматынын баштапкы кенже курамын ээлөөгө сынак жүрүп жатат.
2023-жылдын май айынан тарта Бишкек ШИИББдин милициянын кайгуул күзөт кызматы өз ишин жандандырган. Учурда аталган кызматтын өздүк курамы 205 адамды түзөт. ИИМдин Республикалык окуу борборунда 150 курсант билим алууда, алар окуусун аяктагандан соң катарга кошулушат.



