super.kg logo

"Накталай 20, карта менен 17 сом". Бишкек мэриясы коомдук транспортко жаңы тарифтерди сунуштады

 

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттук жол кире үчүн жаңы тарифтерди сунуштады. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, жол киренин баасы накталай 20 сом болсо, "Тулпар" картасы менен төлөгөндөр үчүн 17 сом болушу ыктымал.

"Шаар бийлиги МЕГА ишканасы менен меморандум түздү. Анда жарандар жол акысын MEGAPAY электрондук капчыгы аркылуу төлөсө 11 сом гана алынат. Тагыраагы, азыркы баасында калат. Анткени чыгымдын алты сомун компания, мэрия үч сомун төлөйт", - деп айтылат маалыматта.

Вице-мэр Максатбек Сазыкулов шаардык мэрия дагы башка кызыкдар ишканалар менен да иштешерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин накталай эмес төлөгөндөр үчүн 20 сом, накталай төлөгөндөр 25 сом бирдиктүү тарифин орнотуу сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: