Садыр Жапаров Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин жыйынына катышат
Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрь күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ЖЕЭКтин мамлекет башчылары тарабынан биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер каралып, эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга негизги багыттары жана ЕАЭБ макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга багыттары бекитилет.
Мындан тышкары отурумда 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттеринин жана негизги багыттарынын каралуусу жана Иран менен ЕАЭБдин эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюусу күтүлөт.
"Ошондой эле "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылып, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат жана актуалдуу эл аралык, регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот", - деп айтылат маалыматта.
