super.kg logo
  Саясат  

Төрөт үйүнөн ымыркай уурдап камалган аялды эркиндикке коё беришти

 

Мындай маалыматты бүгүн, 17-декабрда ушул ишке тиешеси бар деп айыпталып жаткан медайымдын бир тууганы Нурбек Борбуков маалымат жыйынында билдирди.

Ал өз сөзүндө “эжемди бала сатууга катышкан деп айыптап жатышат. Бирок бул тууралуу факт жок. Бул окуя 5-ноябрда болгон. Ал күнү эжем жумушка чыккан эмес. Төрөт үйүндөгү 12  кызматкерден сурашканда баары ал күнү жумуштан менин эжемди көрүшпөгөнүн айтышкан. Учурда бул иш боюнча азыр менин эжем, ымыркайга туулгандыгы туурасында күбөлүк жасап берген Шарапат Мамырканова гана СИЗОдо олтурат. Калганы эркиндикке чыгып, сотту күтүп жатышат. Эмнеге бала уурдаган Нуржан эркиндикте жүрөт? Эмне үчүн врачтын уруксатысыз баланы башка палатага  которгон Роза деген кызматкер эркиндикте жүрөт? Мындай тергөө иштеринин одоно мыйзам бузуулар менен алып барып жаткандыгына прокуратура көңүл бурбай жатат” деди.

Адвокат Болотбек Назарбаев “мен териштирип чыктым, ошол күнү күзөттө турган кызматкерлердин бири да менин жабырлануучумду жумуштан көрбөптүр. Муну төрөт үйүндөгү жумуш графигинен да карасак болот" деди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-ноябрында шаардагы №4-төрөт үйүнөн жаңы төрөлгөн ымыркай уурдалып, ал туура он күндөн кийин, тагыраак айтканда, 14-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан Асанбай кичи районунда жашаган Нуржан Мекенованын үйүнөн табышкан эле.

14-ноябрда "Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдады, уурдоого катыштыгы бар" деп шектелип кармалган Нуржан Макенова, Шарапат Мамырканова менен Бегайым Алиевага  "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББинин СИЗОсуна камалган эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: