super.kg logo

Кадамжайдын Үч-Коргон айылынын башчысы жооптуу катчысы жана айдоочусу менен кармалды

 

Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-декабрда Үч-Коргон айылынын башчысы Т.М.М., жооптуу катчысы А.Х.К. жана айдоочусу Ш.Х.А, Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн кызматкерлери Т.У. жана А.С.К. аттуу жарандар турак-жай куруу үчүн жер участокторун мамлекеттик менчиктен жеке колго өткөрүү боюнча коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалган.

Алар кылмыштуу келишимге барышып, жер тилкелерин мамлекеттин менчигинен чыгаруу боюнча туруктуу кылмыш схемасын түзүп, жеке адамдарга турак-жай куруу үчүн тиешелүү укук жана уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз даярдашкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө алар атайын токтом чыгарып, Кадамжай районунун Боз айылындагы жалпы аянты 5,45 гектар жер тилкесин трансформация кылбастан турак-жай курулушунун планын бекитишкен жана 9дан 15 сотыхка чейин 48 тилкеге бөлүшкөн. Андан сырткары жеке турак жай курууга тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдап, алардын баасын 9 миңден 15 миң долларга чейин баалашканы аныкталган.

Кармалгандарга карата Баткен райондук сотунун чечими менен Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда иштин чоо-жайын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






22.12.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: