Аскар Бешимов Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды
Аскар Бешимов Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бешимов Аскар Жолчубекович Индиянын Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштырып, Кыргызстандын Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасындагы элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Аскар Бешимов 1962-жылы 5-февралда Жалал-Абад шаарында туулган. Ал Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп үстүбүздөгү жылдын 10-февралында дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

