super.kg logo

"Сасык тумоо көбөйдү". Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иштөө убактысы узартылды

 

Курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, график Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору:

- иш күндөрү саат 8:00дөн 20:00гө чейин;

- ишемби жана жекшемби күндөрү 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 11-декабрдан 17-декабрга чейинки бир жумада ОРВИ жана сасык тумоо менен ооруган 11 миң 575 учур катталган. Өткөн жумага салыштырмалуу 43,4 пайызга өсүү болду. Бирок былтыркы жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, төрт эсе азайган.

ОРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборундагы жүктөм эки эсеге көбөйдү. Бейтаптар тез жардамды эки-үч саат күтүүгө туура келет. Шаардык клиникалык балдардын тез жардам ооруканасында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда да жүктөм көбөйдү. Алар кабыл алууда дарыгерлердин санын көбөйтүп, ошондой эле бейтаптардын агымын жөнгө салуу жана ден соолугунун балдардын ата-энелерине шарт түзүү үчүн көчмө ооруканаларды орнотушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: