super.kg logo

Ысык-Көлдө кар көчкүдө калган жаран куткарылды (видео) 

 

Ысык-Көлдө унаасы кар көчкү астында калган жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, кечээ, 22-декабрда саат 17:00 чамасында Каракол — Эңилчек жолунун 81-82-чакырымдарында кар көчкү жүрүп, бул аймакта бара жаткан унааны жолдон сайга сүрүп түшкөндүгү тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

Жерине 4 офицер авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн.

Куткаруучулар Чоң-Ашуу ашуусуна барган учурда тоодон болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшүп, анын 400 метр кубу жолду каптаган бара жаткан Нива үлгүсүндөгү унааны ашуудагы жолдон сүрүп түшкөн.

Бактыга жараша, унаанын ичиндеги жаран катуу жабыркаган эмес, куткаруучулар барган учурда жабыркаган жаранды окуяга күбө болгондор унаадан чыгарып ооруканага жеткиришкен. Учурда анын абалы жакшы, оор жаракат алган эмес.

Кошумчалангандай, Каракол — Эңилчек жолундагы кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылган.






Ысык-Көлдө кар көчкүдө калган жаран куткарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: