super.kg logo

"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык жасалгалардын өрт коопсуздугу текшерилди 

 

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык жасалгалардын өрт коопсуздугу текшерилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"ӨКМдин өрттү көзөмөлдөө кызматкерлери "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери биргеликте аянттагы көз жоосун алган балатылар, жарыктар, гриляндалар, түстүү жаркырактардын талапка ылайык орнотулушу, электр чубалгылары, жол жээгиндеги тез татымдардагы газ баллондордун абалын текшеришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле адистер убактылуу орнотулган тамак сатуучу жайдын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, нускамаларды таратышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлер эрежеге ылайык орнотулбаган газ баллондорду жана электр энергиясын өткөргүчтөрдү аныкташып, тез арада жоюу боюнча акты түзүлүп, тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: