Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу 2024-жылы эксплуатацияга берилет
Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Ал 2024-жылдагы жасалуучу иштерге токтолуп жатып, транспорт жана жол тармагында аткарыла турган иштерди тизмектеди.
“Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет. Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгарылат. Түп–Кеген, Каркыра–Турук–Сары-Жаз, Балыкчы–Бөкөнбаев– Барскоон, Нарын–Баетово, Ала-Бука–Жаны-Базар–Кировка, Ош–Баткен–Исфана жолдорун реконструкциялоо иштери улантылат, Корумду–Балбай Баатыр автожолун реконструкциялоо иштери башталат. Кытай менен 3-альтернативдүү жол-Бедель жаңы өткөрмө пункту пайда болот. Эркештамда 4 тилкелүү “Достук-Көпүрөсү” ачылат”, - деди ал.
Ошондой эле, туризмди өнүктүрүү максатында да бир топ иштер аткарылат.
“Каракол–Тоо лыжа базасы, Базар-Коргон–Кызыл-Үнкүр, Чыйырчык жана Сары-Челекке кеткен жолдордо Ала-Арчадагыдай шарттары бар жаңы типтеги жерлер ачылат. 500 чакырымдан кем эмес жолдорду оңдоо пландалууда. Сузакта айына 1000 тонна чыгаруучу битум завод ачылат, жылдык өндүрүштү 30 миң тоннага жеткизебиз.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери алып барылат. 20 чакырым Балыкчы-Кочкор темир жолу салынат”, - деп билдирди.
Андан тышкары түштүк транспорт коридору аркылуу «Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий деңизи» багыты аркылуу Азербайжан, Орусия, Түркия мамлекеттерине жана Европага чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.
