"Жалпы чыгым 70-80 миллион вонду түздү". Кореяда эмгектенип жүргөн Алмаз жардамга муктаж










Кореяда эмгектенип жүргөн Алмаз жардамга муктаж. Ал жол кырсыгына кабылып, жардамга муктаж болуп турган чагы.
Анын айтымында күндөгүдөй жумушка бара жатып, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам БМВ үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.
"Өзүм Кореяга 1 жыл мурун 19 жашымда иштегени келген элем. Сыноо экен жол кырсыгына кабылып, өзүмдүкү менен 4 унаа кырсыктады.
Мен БМВ үлгүсүндөгү машинаны сүзүп алганда дароо чыгып барып айдоочусуна жардам көрсөттүм. 5 минут аралыгында Портер жана Камаз унаалары келип БМВга урунду. Унаа ээлери ар кандай жаракат алышып, биринин буту, биринин кабыргасы сынган. Бирөө моюнунан жаракат алган", - дейт Алмаз.
Ошондой эле унаа ээлери 60 жаштын тегерегиндеги корей улутундагы адамдар экенин кошумчалайт.
"Өзүм дагы 1 жумадай дарыланып чыктым. Кырсыктын жалпы чыгымы 70-80 миллион вонду түздү. Учурда адвокат менен иштешип жатам",-деди ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
+996 (706) 294-049 Мбанк Гулназ А.
+79917715118 Сбер.Мирислан Д.
221-465158-02-013
IBK Abdyldaev A.
+1 469 977 4292 Zele. Omurbek.E.
