super.kg logo

Чүйдө мүрзөдөн Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна таандык курал-жарактар табылды (видео)

 

Чүй облусунда маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын катылган жайы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен эки боз полипропилен баштык табылган. Табылган баштыкты текшергенде ар кандай ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч заттар табылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Учурда аталган курал-жарак кампасына тиешеси бар адамдарды аныктоо, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган бети ачылбаган адам өлтүрүүлөрдө пайдалануу болгондугу боюнча керектүү ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.






25.12.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: