super.kg logo

Газа тилкесинде дагы 2 журналист каза болду

 

Израил армиясынын Газа тилкесине жасаган чабуулунун натыйжасында эки палестиналык журналист набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өкмөттүн Газадагы басма сөз бюросу тарабынан жасалган билдирүүдө, Израилдин чабуулунун натыйжасында Палестинанын Ар-Рай радиосунун үн инженери Мухаммад Юнис эз-Зейтуние жана Ар-Рай маалымат агенттигинин фотокабарчысы Мухаммад Абдулхалик аль-Афтын каза болгондугу билдирилди.

Маалым болгондой, Израилдин Газада 7-октябрдан бери кол салууларында каза болгон журналисттердин саны 103кө жетти.

"Ал эми өкмөттүн Газадагы басма сөз бюронун мурунку билдирүүсүндө Израилдин Газадагы журналисттерди атайылап өлтүрүп жатканы "Палестинанын тарыхын жабуу, фактыларды жашыруу жана чыныгы кабарлар менен маалыматтын аймактык жана эл аралык коомчулукка жетүүсүн алдын алуу үчүн" баса белгиленген", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: