Билим берүү министри акча чогултулган мектептин директорлору кызматтан алынарын айтты
Өлкөдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептердин директорлору кызматтан алынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бүгүн, 25-декабрда “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Министрдин айтымында, эки айда мектептин күнүмдүк муктаждыктарына, тагыраагы бор, чүпүрөк, кагазга бюджеттен 50 миллион сом бөлүндү жана кийинки жылга да каражат каралды.
“Ар бир ата-эне, директорго кайрылам, акча алуу токтотулду. Камкорчулар кеңешине да жарлыктын негизинде акча чогултууга тыюу салдык. Акча чогултууга байланыштуу айрыкча Бишкекте болгон окуялар териштирилип жатат. Эгерде фактылар аныкталса мамлекеттин саясатын колдобогону жана негизсиз акча жыйнаганы үчүн айрым директорлор менен кош айтышабыз”, - деди Кендирбаева.
Мамлекет башчысынын мектептерде акча чогултууга тыюу салуу жарлыгы аткарылбай жатканын 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда айрым делегаттар көтөрүп чыккан. Айтымдарында, жарлыкка карабастан ар кандай шылтоо менен дагы деле акча жыйнап жаткан мектептер бар.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров быйыл май айында мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган. Ага ылайык, билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленген.





1 |