2013-жылы “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 178 объектини каржылоо каралган
2013-жылы “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 178 объектини каржылоо каралган. Бул тууралуу 17-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Капиталдык салымдар” үчүн республикалык казынадан 2,4 миллиард сом каралган. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата 1 миллиард 993 миллион сом каржылоо жүргүзүлгөн.
Эскерте кетсек, аталган берене боюнча каржылана турган объектилердин жана курулуштардын тизмеси КРнын Өкмөтү, КРнын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитети менен макулдашылып КРнын финансы министри тарабынан бекитилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

