Сойкулук менен күрөш: Бишкектин Биринчи Май районунун акими жана милиция бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды
Биринчи Май районунун акими жана райондук милициянын бөлүм башчысы жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусундагы УКМКнын жаңы салынган имаратынын ачылышында билдирди.
Анын айтымында, алар мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөткөн жайларга бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында кызматынан алынышкан.
Ошондой эле 10го жакын милиция кызматкерлерине, мэрия жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлгөнүн кошумчалады.
Буга чейин Бишкек шаардык милициясы калаадагы Кулиев көчөсүндө сойкукана аныкталганын, ИИМдин башкы башкармалыгынын 10 жооптуу кызматкери жоопкерчиликке тартылганын, алардын ичинен Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын №8 бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулганын кабарлаган.



1 |