super.kg logo

"1000 бала чакырылды". Бишкекте мэрдин балатысы өттү

 

Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында реабилитациялык борборлордун, атайын мектептердин жана бала бакчалардын тарбиялануучулары үчүн балаты өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, калаа башчы Айбек Жунушалиев балдарды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

Балдарга бий номерлери менен жаңы жылдык жомок көрсөтүлдү. Концерттен кийин кичинекей бишкектиктерге жаңы жылдык белектер тапшырылды.

"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдөн, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынан, интернационалист-жоокерлерден, жетим жана жарым жетим балдар, 12 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин жана үч көмөкчү мектептердин тарбиялануучулары, 28 бейөкмөт уюмдардын 1000 баласы мэрдин балатысына чакырылган", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Бишкек боюнча шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан 12 миң балага жаңы жылдык белектер берилди. Анын ичинде 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим, жарым жетимдер, мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн балдары жана ошондой эле 28 балдар коомдук уюмдарынын жана шаардын 15 билим берүү уюмдарынын окуучулары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: