Кантта дагы 31 жаштагы жаран бөтөлкөлөшүн бычактоого шектелип кармалды

Маалыматка ылайык, 21-декабрдан 22-декабрга караган түнү Кант шаарынын мэриясынынын айланасын карап кызматын өтөп жаткан милициянын кенже сержанты тротуар менен эңкейип келе жаткан жаранды байкаган, ал милицияга аны бычак менен сайып салганын айткан.
Милиция кызматкери биринчи медициналык жардам көрсөтүп, окуя боюнча кабарлаган. Натыйжада чакырылган кармоо тобу кылмыштын изи сууй электе 1992-жылы туулган Т.уулу Н. кармалып, Ысык-Ата РИИБге жеткирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ал эми жабырлануучу 1989-жылы туулган Д.К.ны Ысык-Ата аймактык ооруканасына тез арада жеткирип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабырлануучу жеткирүү убагында Кант шаарына курулуш тармагына иштегени келгенин, бул күнү жумуштан кийин тааныш балдар менен спирт ичимдигин ичишкендигин жана эч себепсиз Н. аттуу жаран эт кесип жаткан бычак менен ичине сайып салгандыгын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.