super.kg logo

Жаңы жылда аймактарга жол кире акысы көтөрүлөбү? ЖКККББ билдирүү жасады

 

Жаңы жыл майрамы учурунда автобекеттеги такси айдоочуларга жол кире акысын өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ЖКККББ башчысы Азамат Исраиловдун жетектөөсү астында онлайн кеңешме өткөрүлдү.

"Онлайн кеңешмеде Азамат Исраилов жалпы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, жаңы жылдык майрам күндөрү жогорку окуу жайдын студенттери эс алууга чыгышып, айылдарына барып, автобекеттерде алыскы аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүп, ал эми аларды ташыган такси айдоочулары ошол учурдан пайдаланып, жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алуулары ыктымалдыгын айтып, андай фактыларга жол бербөө жана жаңы жыл майрамы күндөрү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча коомдук транспортторду даярдоо тапшырмаларын койду", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан сырткары Жаңы жыл майрамына карата жарандардын коопсуздугу үчүн, спирт ичимдигин ичип алып, ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында жер-жерлерде рейддик иш-чараларды уюштуруу тапшырмаларын коюп, бул күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: