super.kg logo
  Саясат  

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу маселеси талкууланды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамовду кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушууда “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Акыркы учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөнүн белгилеген Акылбек Жапаров “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору – эки мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизе турган эң ири транспорттук-инфраструктуралык долбоор экенин билдирди.

Өз кезегинде Илхом Махкамов кыргыз тараптын билдирүүсүнө бир тилекте экенин жана бул долбоорду даярдоо процессине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча тараптардын биргелешкен каржылоосу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында жактырылган. Учурда тараптар темир жолдун курулушун каржылоо моделинин оптималдуу варианттарын талкуулоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: