super.kg logo

Ошто саатына 80 тонна асфальт чыгаруучу завод курулуп жатат

 

Ош облусунун Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн аймагында таш майдалоочу жана асфальт-бетон чыгаруучу завод курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, асфальт заводунун өндүрүмдүүлүгү саатына 80 тоннаны түзөт. Курулушка 10 гектар жер каралган.

"Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, жеринде тиешелүү жетекчилер менен курулуштун кээ бир аспектилерин талкуулады. Жыйынтыгында облус башчысы жергиликтүү бийликке курулуш иштерине ар тараптуу жардам берүү тапшырмасын берип, курулуш аяктаганга чейин жеке көзөмөлүндө болоорун билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Завод "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалы тарабынан курулууда.

Белгилей кетсек, жаңы ишканалар жумуш орундарын түзүүгө гана жардам бербестен, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө дагы салым кошот. Алар аймакты жол куруу үчүн сапаттуу материалдар менен камсыз кылууда негизги ролду ойноп, экономиканын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: