super.kg logo
  Саясат  

Өзгөртүлгөн желекти колдонуу боюнча мыйзам күчүнө кирди

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам күчүнө кирди. Документ бүгүн, 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.

Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.

Желектин сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү жана автоунаалардын номерлери алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Алардын жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, 1992-жылы кабыл алынган туу бар документтерди тиешелүү мамлекеттик орган алмаштыруу боюнча чечим кабыл алганга чейин колдонулат. Министрлер кабинетине үч айда өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирип, залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранган.

Желектин элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Бул демилге коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.

Кыргызстандын биринчи мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Мамат Сыдыков.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: