"Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы реконструкцияланат
Бишкектеги мамлекеттик гербди кайтарган ардактуу кароолдордун кабинасы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясына мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев гербди жана ардактуу кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен кайрылган.
Кайрылууда бүгүнкү күндө орнотулган кабинанын эскиргендиги жана гербдин сүрөтү өчүп жаткандыгы белгиленген.
"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан "Ала-Тоо" аянтында герб түшүрүлгөн ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыяланган.
Бирок катышуучулардын эмгектеринин сунушталган варианттары талаптарга жана эстетикалык дизайнга жооп берген эмес", - деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасында ыкчам тартипте "Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароол үчүн жылытуу шарттары бар кабинанын жаңы дизайны иштелип чыкты.


1 |