super.kg logo

Таласта депутат миллион сом алып жаткан жеринен кармалды

 

4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалаган Талас облусунун Бекмолдо айылынын жергиликтүү кеңештин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдиргүүгө ылайык, 25-декабрда Бишкек шаарынын аймагында 1 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Талас районунун Бекмолдо районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. кармалган.

"Декабрь айынын башында Ч.Т.Ж. ар кандай коркутуулар менен, Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн утуп алган 67 миллион сом өлчөмүндөгү тендердин жалпы суммасынын 6% өлчөмүндө компенсация катары бересин деп жеке ишкананын директорунан 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кыла баштаган.
Болбосо, жогоруда аты аталган депутат ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убадалаган", - деп билдиришти УКМКдан.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: