super.kg logo

Желектин өзгөрүшү менен паспортту алмаштыруу керекпи? Министрлик жооп берди

 

Тууну өзгөртүү жарандарды документтештирүүдө кошумча чыгымдарга алып келбейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик желектин өзгөрүшү менен паспортторду алмаштыруунун зарылдыгы жок экенин, бул документтештирүү учурунда калк үчүн кошумча чыгымдарды алып келбей турганын билдирет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 1992-жылдын үлгүсүндөгү мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот", - деп айтылат маалыматта.

Ага байланыштуу жарандардын колундагы бардык улуттук паспорттор алардын жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу жана алмаштырууну талап кылбайт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен азыркы үлгүдөгү паспорттор түгөнгөнгө чейин берилет.

Эске салсак, 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: