УКМК: "Чүй облусундагы 40 күрөөкана текшерилди"
Кечээ, 26-декабрда Чүй облусундагы күрөөканалар текшерилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүйдө 40 күрөөкананын лицензиялык документтери, күрөөгө алына турган мүлктөргө коюлган талаптары, кирешесинин мыйзамдуулугу текшерилген.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында күрөөкана ээлерине пайыздык чендерин 20 пайыздан ашырбоо тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн текшерүү керектигин айткан болчу.
27.12.23
27.12.23
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.