super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

 

Жогорку Кеңеш Бакыт Төрөбаевдин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрдагы парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаевди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-декабрда кол койгон.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп кайра түзүлдү. Министрликти буга чейин жетектеп келген Аскарбек Жаныбеков башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын 30-мартынан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келет.

1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин бүтүргөн. Адистиги боюнча экономист.

Эмгек жолун 1995-жылы «Жамиля и К» өндүрүш-коммерциялык фирмасында директордун кызматынан баштаган.

1998-1999-жылдары айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча «Азия-Сузак» дыйкан чарбасынын төрагасы.

2000-2007-жылдары «Мариям» ЖЧК ун комбинатынын башкы директору.

2007-2009-жылдары IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

2009-2010-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри.

2010-жылы V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

2011-жылдан 2013-жылдын июнь айына чейин - Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары.

2013-жылдын 25-апрелинен баштап «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын төрагасы.

2015-жылы 4-октябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

2021-жылдын ноябрында VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

2022-жылдын 30-мартынан тартып – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: