super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура эл өкүлү Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук сурады

 

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү парламенттен сурады. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда төрага Нурланбек Шакиев парламент жыйынында айтты.

Белгилүү болгондой Башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлүн Кылмыш жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопко тартууга макулдук берүүнү сураган.

Анын негизинде аталган маселе Жогорку кеңештин күн тартибине киргизилди. Комиссия түзүлүп, Башкы прокурордун сунушун карай баштады.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиев жоюлуп кеткен Финансы полициясында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Ал 50 миң доллар пара алууга айыпталып 2020-жылы кармалган. Бирок 2021-жылдын башында мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан болчу. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шек саналып Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени маалым болгон. Жогорку сот Жамгырчиевге жана Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

Быйыл декабрь айында Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: