Нарында 270 миллион сомго техникалар сатылып алынууда (тизме)
Нарын облусунда президент Садыр Жапаров тарабынан берилген 270 миллион сомго техникалар сатылып алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустагы 27 ирилештирилген айыл өкмөтүн колдоо максатында мамлекет башчысы тарабынан Нива үлгүсүндөгү автоунаалар жана ар бир айыл өкмөткө өнүктүрүү үчүн 10 миллион сомдон каражат берилген. Учурда бул каражатка айыл өкмөттөрүнө зарыл болгон техникалар алынууда.
"Бүгүнкү күнгө чейин Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 самосвал КамАЗ, Жан-Булак айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 трактор, 1 силос жыйноочу техника, Миң-Булак айыл өкмөтүнө темир тор түйүүчү, токуучу, зым кесүүчү, престөөчү, зым керүүчү жана жүк көтөрүүчү техникалар жана 1 трансформатор алынды",- деп айтылат билдирүүдө
Мындан тышкары башка айыл өкмөттөргө дагы зарыл болгон техникаларды алып келүү иштери жүрүп жатат.
