super.kg logo

Билим берүү министри каникулда балдардын коопсуздугун камсыздоого буйрук чыгарды

 
Өзгөчө кырдаалдарды пайда кылуучу себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган иштерди күчөтүү боюнча чараларды көрүү максатында жаңы жылдык жана кышкы каникулдарга карата иш-чаралардын планы бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматта, буйрук менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү мекемелеринин баарына тиешелүү экендиги айтылды.
Буйруктун негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине төмөнкүлөрдү аткаруу тапшырылды:
- жаңы жылдык майрамдарда жана кышкы каникулда өзгөчө кырдаалдардын пайда болушуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган иштерди күчөтүүсү керек;
- окуучулардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында отту, күйүүчү заттарды, пиротехникалык жана башка жаракат тийгизүүчү каражаттарды пайдаланууга болбой тургандыгы боюнча мектеп директорлору менен кеңешме өткөрүүсү зарыл;

- жаңы жылдык майрамдарда, ошондой эле кышкы каникул учурунда турмуш-тиричилик коопсуздугу боюнча эрежелер, балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү;

- жалпы билим берүү уюмдарында өрткө каршы сигнализациялардын, алгачкы өрт өчүрүү каражаттардын, жылытуу системасынын оң абалда экендигин текшерүүсү;

- окуучулардын эс алуусун уюштурууда мектептердин спорт залдарын, студияларын жигердүү пайдаланып, ийримдердин ишин күчөтүүсү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: